2026-жылдын 23–25-январында Ош шаарында эркектер жана аялдар арасында дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын тарыхындагы алгачкы чемпионат өткөрүлдү. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 300дөн ашуун спортчу катышты.

Чемпионаттын жыйынтыгында Спорттун жекеме-жеке түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин (ОРАБӨМ) тарбиялануучулары жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, бардык салмак категориялары боюнча жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээлешти.

Спорттун жекеме-жеке түрлөрү  боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучуларынын жыйынтыктары:
•Кожомбердиева Сабира — 52 кг (I орун);
•Молдокулова Алина — 70 кг (I орун);
•Полтушев Даут — 100 кг (I орун);
•Сухинин Илья — +100 кг (I орун);
•Турдажиева Акмаржан — 78 кг (II орун);
•Мелисов Данияр — 90 кг (II орун);
•Абдыров Абдурахман — 60 кг (III орун);
•Усенова Назика — 52 кг (III орун);
•Калыева Айдеми — +78 кг (III орун).