2025-жылдын 25-октябрынан 2026-жылдын 24-январына чейин Бишкек шаарында өспүрүмдөрдүн командаларынын арасында футзал боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги эки ай бою өткөрүлдү.

Мелдешке үч жаш курактык категория боюнча командалар катышты: 13 жашка чейинкилер – 10 команда, 15 жашка чейинкилер – 8 команда, 17 жашка чейинкилер – 4 команда.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарды ээлеген командалар медалдар жана эстелик сыйлыктар менен сыйланышып, биринчи орунду алган командаларга кошумча түрдө кубоктор тапшырылды.

Мындан тышкары, мелдештин алкагында алты жеке номинация боюнча мыкты катышуучулар аныкталды.

Бишкек шаарынын футзал боюнча биринчилигинин жеңүүчүлөрү:
13 жашка чейинкилер (U-13):
I орун — «Топ Тоголок А»;
II орун — ОРАБӨСОМ;
III орун — «Бишкек» футбол клубу.

15 жашка чейинкилер (U-15):
I орун — «Достук ФА»;
II орун — «Дордой»;
III орун — ОРАБӨСОМ.

17 жашка чейинкилер (U-17):
I орун — «Дордой»;
II орун — «Топ Тоголок»;
III орун — «Виват».

Мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын футзал ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.