Бишкек шаардык мэриясында өткөрүлүп жаткан хоккей боюнча жаштар арасындагы чемпионаттын алкагында борбор калаанын мэри Эл аралык хоккей федерациясынын Кеңешинин мүчөлөрү - Италиянын хоккей федерациясынын президенти Андреа Гиос жана мелдештин төрагасы Франц Рэндл менен жолугушту.
Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов, Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти жана Кеңешинин мүчөсү Айваз Оморканов катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаар мэри муниципалитет борбор калаада хоккейди өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканын белгилеп, эл аралык жана республикалык спорттук мелдештерди өткөрүү шаардык спорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө жана жаштарды колдоодо маанилүү экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Бишкек шаардык мэриясы борбор калаада хоккейди өнүктүрүү боюнча иштерди баштаган. Тактап айтканда, 2025-жылдан тартып борбор калаанын атынан чыгып жүргөн «Алга» жаштар хоккей командасына ар тараптуу колдоо көрсөтүлө баштады.
Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдиришип, хоккей федерациясы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тыгыз кызматташуусу бул спорт түрүн өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойной турганын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга өз ара кызыкдар экенин билдиришип, Бишкек шаарында хоккейди жана спортту өнүктүрүү багытында биргелешкен долбоорлор ишке ашат деген үмүтүн билдиришти.






