Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Биримдик Кербени» маданий долбоорун жүзөгө ашыруу маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.

Жыйынга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Катчылыгынын өкүлдөрү, тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери, ошондой эле төрт акимияттын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун учурдагы этаптары, координация маселелери жана мындан аркы уюштуруучулук иштер талкууланды.

Белгилей кетсек, долбоордун концепциясынын алкагында сакралдык булак аныкталып, «Баатырлар» жана «Элчилер» образдарын чагылдырган катышуучулар тандалып алынган. Учурда иштер ДКО Катчылыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу жана координациясы менен пландуу тартипте улантылууда.

Өзгөчө көңүл ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө, белгиленген мөөнөттөрдү сактоого жана «Биримдик Кербени» концепциясында каралган бардык иш-чараларды сапаттуу даярдоого бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга долбоорду өз убагында жана жогорку сапатта ишке ашырууну камсыз кылуу, ошондой эле борбор калаанын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышуусун камсыз кылуу үчүн системалуу жана координацияланган ишти улантуу тапшырмасы берилди.