Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Каныбек Жолчубековдун төрагалыгы алдында спорт боюнча машыктыруучулар менен жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө мектеп окуучулары менен иш алып баруу маселелерине, балдарды жана өспүрүмдөрдү спорт менен туруктуу машыгууга кызыктыруу чараларына, сергек жашоо образын калыптандырууга, ошондой эле келечектүү балдарды спорттук мектептерге тартуу жана аларды профессионалдык деңгээлге чыгаруучу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, спорт боюнча машыктыруучулар өз ишмердүүлүгүндө кездешип жаткан бир катар актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Жыйынтыгында Департаменттин жетекчиси бардык көтөрүлгөн маселелер ар тараптуу каралып, аларды этап-этабы менен чечүүгө тиешелүү көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.