2026-жылдын 20–21-январында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасы чыныгы музыкалык салтанаттын борборуна айланды. Бул жерде Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахатбек Осмоналиевдин башкаруусунда А. Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин концерттери зор ийгилик менен өттү.
Концерттердин программасында Карл Орфтун солисттер, хор жана оркестр үчүн жазылган масштабдуу чыгармасы — «Кармина Бурана» кантатасы жаңырды. Бул чыгарма тагдырдын күчтүү энергиясын, кумарды жана адам баласынын жашоосундагы драматизмди терең чагылдырат.
Бул улуу музыкалык полотнодон өзгөчө орунду балдар хоруна арналган партия ээлеп, аны №4 Балдар көркөм өнөр мектебинин хору жогорку профессионалдык деңгээлде аткарды. Жаш артисттер даярдыктын бийик деңгээлин, артисттик чеберчиликти жана музыкалык материалды терең түшүнгөндүгүн көрсөтүп, чыгарманынын татаал жана көп катмарлуу партитурасына табигый түрдө шайкеш кире алышты.
Тажрыйбалуу хормейстер, өз ишинин чыныгы устаты Ирина Васильевна Соболеванын жетекчилиги алдында балдар хору концерттик программанын жаркын кооздугуна айланып, көрүүчүлөрдүн чын ыкластуу колдоосуна ээ болду. №4 Балдар көркөм өнөр мектебинин тарбиялануучуларынын мындай маанилүү маданий иш-чарага катышуусу музыкалык билим берүүнүн жогорку деңгээлин жана жаш аткаруучулардын чыгармачылык потенциалын айкын далилдеди.



