2026-жылдын 23–25-январь күндөрү Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Аталган мелдешке Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөлөрү катышат.

21-январда Бишкек шаарынын курама командасынын спортчулары менен жолугушуу болуп өттү. Команданын курамына 14 спортчу жана бир машыктыруучу кирет. Жолугушуу Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Каныбек Жолчубековдун катышуусунда өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө департаменттин жетекчиси спортчуларга ак жол каалап, ишенимдүү таймаштарды, жогорку жыйынтыктарды, ийгилик жана республика деңгээлинде борбор калаанын атын татыктуу коргоп келүүсүн каалады.