Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардагы бир катар объекттерди кыдырып чыгып, борбор калаанын тургундары менен жолукту.
Көчмө жыйындын алкагында мэр Буурдинская көчөсүнө барып, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын суроолорун укту. Жыйынтыгында кызыл сызыктан чыгып турган турак жайларга тиешелүү эскертмелерди берүү тапшырмасы коюлду. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына жол боюндагы жеңил типтеги объекттерди демонтаждоо, ошондой эле Достук көчөсү, 11/1 дарегиндеги объекттин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырылды.
2026-жылы узундугу 1200 метрди түзгөн Буурдинская көчөсүн реконструкциялоо пландалууда. Долбоордо эки тилкелүү жол, туурасы 2 метр болгон тротуарлар жана скверди жаңылоо каралган.
Андан соң мэр Коммунаров көчөсү 93 дарегинде жайгашкан бала бакчанын оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Капиталдык курулуш башкармалыгына подряддык келишимдерди негизсиз узартууга жол бербөө, иштерди ыкчам бүтүрүү жана объектти тез арада пайдаланууга берүү тапшырмасын койду.
Ошондой эле Айбек Джунушалиев шаардагы бардык социалдык объекттерде сапаттуу курулуш материалдарын колдонуу боюнча бирдиктүү ыкманы иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, ийгиликтүү чечимдер башка объекттерде да колдонулушу керектигин айтты.
Инвестициялык долбоордун алкагында мэр, жалпы баасы 56 млн АКШ долларын түзүп, реконструкцияланып жаткан тазалоочу курулмаларды да көрүп чыкты. Бүгүнкү күндө эки резервуар пайдаланууга берилди жана автоматташтырылган башкаруу системасы киргизилди.
Объекттин долбоордук кубаттуулугу суткасына 380 миң куб метрди түзөт. Ошол эле учурда мэр кубаттуулукту 500 миң куб метрге чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Көчмө жыйындын алкагында Айбек Джунушалиев Маевка турак жай массивинде курулуп жаткан дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулуш иштери менен таанышты. Жеринде тургундар менен жолугушуу өтүп, анда көчө жарыктандыруу, коомдук транспорттун иши жана токтотмо комплекстерин уюштуруу маселелери көтөрүлдү. Тиешелүү шаардык кызматтарга бул көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Жыйынтыгында мэр шаарга кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата иш-чаралар планы менен таанышып чыгууга жана зарыл болгон учурда өз сунуштарын берүүгө тургундарга сунуштады.
































