«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы 2026-жылы 100 даана лифтти модернизациялоону (алмаштырууну) пландап жатат жана аларды сатып алуу боюнча конкурстук жол-жоболорду даярдоо жана өткөрүү алкагында лифт жабдууларын жеткирүүчүлөрдү конкурска катышууга чакырат.

Модернизация программасын ишке ашыруу максатында конкурска бардык кызыкдар тараптар чакырылат. Катышуучулар тиешелүү иш тажрыйбасына ээ болушу жана Бажы союзунын Техникалык регламенти ББ ТР 011/2011 «Лифттердин коопсуздугу» талаптарына жооп бериши керек.

Конкурс Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына ылайык өткөрүлөт.

Конкурстун шарттары, квалификациялык талаптар жана конкурстук документация тууралуу толук маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган:
www.zakupki.gov.kg

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү телефон номерине кайрылсаңыздар болот:
0505 333 416 (техникалык бөлүм)