2026-жылдын 19-январынан 25-январына чейин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы волейбол боюнча клубдук командалардын Жогорку лигасынын XVIII чемпионатынын биринчи туру өтүүдө.
Чемпионатка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген клубдук командалар катышууда. Бул мелдеште Бишкек шаарынан жогорку лигада жалгыз гана курама команда - ОРАБӨСОМ катышып, кыз-келиндер арасында борбор калаанын намысын республикалык деңгээлде коргоп жатат.
Эркектер арасындагы Жогорку лиганын катышуучулары:
1.КНАУ;
2.«Миң жылкы KG»;
3.Кара-Көл;
4.Сузак;
5.Сумсар;
6.Ош;
7.Ноокат;
8.Кара-Кулжа жаштары;
9.Чоң-Алыш (Талас);
10.Өзгөн («Алтын-Булак»).
Кыз-келиндер арасындагы Жогорку лиганын катышуучулары:
1.КНАУ;
2.Манас шаары;
3.Нарын;
4.Талас;
5.Бишкек шаары - ОРАБӨСОМ;
6.Токтогул Ташбаев;
7.Ош ОРАБӨМ.