Бишкек шаарынын мэриясы Чыгыш автобекети жаңы объектке көчүрүлгөнгө чейин өзүнүн ишин штаттык режимде  улантып жатканын маалымдайт.

Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул мезгил аралыгында автобекетке чектеш аймакта такси кызматтарынын ишин тартипке келтирүү тапшырмасын берди. Тактап айтканда, аймакты уруксатсыз токтоочу жайлардан тазалоо же ташуучулар менен белгиленген тартипте өз ара кызматташууну уюштуруу каралууда. Мындан тышкары, Аламедин базарынын аймагында, анын ичинде Бишкек–Токмок, Бишкек–Кемин жана Бишкек–Кант багыттары боюнча каттам жүргүзгөн такси унааларынын иши да иретке келтирилет.

Кабыл алынган чечимдер жана мындан аркы өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалымат берилет.