Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.
«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын директору болуп Өмүркулов Эркинбек Кубанычбекович дайындалды. Өз кезегинде Токтогонов Элдияр Таштемирович ээлеген кызматынан бошотулду.
Ошондой эле «Бишкекмончо» муниципалдык ишканасынын директору болуп Адылхан уулу Самат дайындалды. Ал буга чейин аталган ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

Өмүркулов Эркинбек Кубанычбекович

Адылхан уулу Самат