Жарыяланган штормдук эскертүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлүп жаткан жагымсыз аба ырайынын шарттарына байланыштуу энергетиктер энергетикалык объектилердин ишин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө алышты. Ыкчам чара көрүү максатында авариялык-ремонттук запастар даярдалып, мүмкүн болуучу бузулууларды тез арада жоюу схемалары иштелип чыкты.

«Кыргызстан УЭС» ААК ишканасынын маалыматына ылайык, оңдоо бригадалары, транспорт каражаттары жана атайын техника жогорку даярдык абалына келтирилди. Оперативдик абал тынымсыз көзөмөлдөнүп, тиешелүү кызматтар үчүн суткалык кезекчилик графиктери бекитилди.

Абанын төмөн температурасы электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө алып келет, бул өз кезегинде электр тармактык жабдууларга түшкөн жүктүн көбөйүшүнө себеп болушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырабыз жана бир нече энергияны көп талап кылган электр шаймандарын бир учурда күйгүзбөөнү сунуштайбыз.

Электр энергиясы боюнча суроолор жаралган учурда "УЭТК" ААК ишканасынын 105 номуруна,  суткалык call-борборуна, ошондой эле мобилдик операторлор аркылуу 0772 001 209, 0556 001 209 номерлерине же WhatsApp аркылуу 0702 001 209 номуруна кайрылсаңыздар болот.