Борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык борбор калаада жер амнистиясы боюнча иштер үзгүлтүксүз улантылууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте жер амнистиясына кирген объектилер боюнча комиссиянын ишин жүргүзүүнү улантууда.
Свердлов району боюнча комиссия тарабынан 154 материал жактырылды, анын ичинен 122 материал тиешелүү корутундуларды даярдоо үчүн Бишкек шаардык архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгына жөнөтүлдү, ал эми 85 материал коомдук угууга чыгарылды.
Бул багыттагы иштер улантылат.


