Кардын мол  жаашына байланыштуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаар аймагын кыдырып, учурдагы абал менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы тиешелүү кызматтарга ыкчам тапшырмаларды берип, иштердин өз убагында, сапаттуу жана үзгүлтүксүз аткарылышы зарыл экенин белгиледи.

«Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн көчөлөр таза жана коопсуз болушу керек. Бардык кызматтар тыгыз жана үзгүлтүксүз иштеши зарыл», – деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Таң эртеден тарта шаар көчөлөрүнө атайын техника чыгарылып, ишкананын кызматкерлери күнү-түнү иш жүргүзүүдө.

Шаарды кардан тазалоо жана тайгакка каршы материалдарды себүү үчүн 51 даана МАЗ, күрөгү бар 4 HOWO, 3 фронталдык жүктөгүч, 34 «Беларус» трактору, 5 Bobcat, 5 УКМ жана 3 чаңгычтуу  жүктөгүч тартылган.

Көчөлөрдү тазалоо иштери аба ырайынын шарттарына жараша улантылат.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору жолдордо этият болууга жана коммуналдык кызматтардын ишине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.