Бишкек шаарынын №107 МАБнын аймагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда жаңы аймактардын тургундары менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга АТРдин алкагында Ленин административдик районуна кошулган Төмөнкү Орок, Жогорку  Орок, Жал, Кашка-Баш, Сарбан, Селекция, Орок, Ак-Ордо айылдарынын жана ЖЭБ -2 конуштарынын тургундары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелер көтөрүлүп, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Президенттин тапшырмасы менен жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүү максатында 2030-жылга чейинки программа иштелип чыкканын билдирди. Аталган документке ылайык жалпы каржылоо көлөмү болжол менен 9 млрд сомду түзөт. Быйылкы жылы программаны ишке ашыруу башталып, 2,5–3 млрд сомго жакын каражат тартылган.

Мындан тышкары мэр эскирген мектеп имаратынын жанынан 750 орундуу жаңы мектеп корпусун куруу пландалып жатканын белгиледи. Ошондой эле 2026-жылы суу менен камсыз кылуу жана канализация маселелерине өзгөчө көңүл буруларын, бардык көйгөйлөр мүмкүнчүлүктөргө жараша этап-этабы менен чечилерин, ал эми негизги иштер эрте жазда башталарын кошумчалады.

Ошондой эле шаар башчысы жол куруу иштери жүргүзүлүп жаткан аймактардагы кызыл сызыктан тышкары жайгашкан турак үйлөр боюнча түшүндүрмө берди. Ал жолдорду куруу жана кеңейтүү учурунда мындай объектилер демонтаждоого алынаарын баса белгилеп тургундарды өз турак жайларын алдын ала белгиленген кызыл сызыктын чегине ылайык келтирүүгө чакырды.