2026-жылдын 20-январында саат 09:00дөн 02:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым турак жайлар, мектептер, мектепке чейинки билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо объектилери, социалдык-тиричилик багытындагы жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактар:
•3-кичи район
•4-кичи район
•5-кичи район
•7-кичи район
•8-кичи район
•9-кичи район
•10-кичи район

Көчөлөр менен чектелген аймак:
Ч.Айтматов проспектиси – Абдрахманов көчөсү – Бакаев көчөсү – Масалиев проспектиси – Токтоналиев көчөсү – Ата-Түрк паркы – Ахунбаев көчөсү – Аламүдүн суусу – Түштүк чоң Чүй каналы – Б.Баатыр көчөсү – Ала-Арча суусу – Семетей көчөсү.

Суу өчүрүү Д-600 мм болгон түтүккө бурама тээктерди  орнотуу, Д-400 мм болгон 2 даана тосмону орнотуу жана Д-600 мм болгон суу откөрмөнү Рысмендиев көчөсү 1/1 аймагынан тышкары чыгаруу иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, ошондой эле шаар тургундарын алдын-ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.