Бишкек шаарында Д. Садырбаев көчөсүндө заманбап спорт аянтчалары жана көрктөндүрүү элементтери менен жабдылган жаңы коомдук мейкиндиктин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Долбоор бардык курактагы шаар тургундарынын активдүү эс алуусуна жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө багытталган ыңгайлуу, функционалдуу жана жагымдуу шаардык чөйрөнү түзүү максатында ишке ашырылды.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Абиров катышты.

Шаар башчысы борбор калаанын тургундарын жаңы 2026-жылы менен куттуктап, коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүүнүн, аймактарды жашылдандыруунун жана активдүү, сергек жашоо образы үчүн шарттарды түзүүнүн маанисин белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө мэр шаар тургундары менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин угуп, ошондой эле шаардык инфраструктуранын жаңы объектилерине жоопкерчиликтүү жана аяр мамиле кылуунун зарылдыгын белгиледи.

Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылды. Көрктөндүрүлгөн аймактын жалпы аянты 3079,31 чарчы метрди түзөт. Долбоордун алкагында эки баскетбол аянтчасы орнотулуп, балдар ойноочу аянтча курулуп, үстөл тенниси үчүн зона уюштурулуп, воркаут аянтчасы түзүлүп, чуркоо жолчосу салынды. Ошондой эле коноктор үчүн автоунаа токтотуучу жай уюштурулуп, рекреациялык аймак жабдылып, навес орнотулду.

Бүгүнкү күндө курулуш жана көрктөндүрүү иштери толугу менен аяктады. Объект пайдаланууга берилип,шаар тургундары үчүн эркин колдонууга ачык. Подряддык уюм катары «Левел Билдинг» жоопкерчилиги чектелген коому иш алып барды.