2026-жылдын 12-январында Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында шаар тургундарынан келип түшкөн кайрылууларды жана сунуштарды кароонун жыйынтыктары жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу документациясы боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө» жобосуна ылайык, коомдук угууга катышкан жарандар протокол жарыяланган күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде анын мазмуну боюнча өз сунуштарын жана эскертүүлөрүн коомдук угууларды уюштурган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жөнөтүүгө укуктуу.
Ушуга байланыштуу, мэрия сунушталган протокол менен макул болбогон учурда коомдук угууларга катышып, 2025-жылдын 25-декабрына чейин өз сунуштарын жана эскертүүлөрүн берген жарандар белгиленген тартипте 2026-жылдын 19-январына чейин кошумча сунуштарын жөнөтө ала турганын маалымдайт.
Бардык сунуштар жана эскертүүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайты аркылуу — https://bishkek.gov.kg/ru дарегиндеги «Жарандардын кайрылуулары» бөлүмү аркылуу жөнөтүлсө болот. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамына ылайык, «Генералдык план – 2050» деген белги коюу менен Бишкек шаарынын мэриясынын Бирдиктүү терезесине (дареги: Чүй проспекти, 166) кагаз жүзүндө тапшырса болот.
Мында зоналаштыруу схемасы акыркы вариант эмес экендиги жана келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен мындан ары да толукталып, тактала турганы белгиленет.