Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жаңы өндүрүштүк базасынын пайдубалына капсула салды.
Учурда объекттин курулушу башталып, бардык иштерди 2026-жылдын жай айларына чейин толук бүтүрүү пландалууда.
Салтанаттуу иш-чарада мэр ишкананын коллективин он жылдар бою борбор калаанын тазалыгын жана санитардык тартипти камсыздап келе жатканын белгиледи. Алар күн сайын – аба ырайына, дем алыш жана майрам күндөрүнө карабай – иштешет. Бишкек шаарынын таза, кооз жана жашоого ыңгайлуу болушу кызматкерлердин чын дилинен ишине берилгендиги жана талыкпаган эмгегинин аркасында экенин мэр баса белгиледи.
Кызматкерлердин эмгегине ыраазычылык билдирүү, ошондой эле алардын иштөө шарттарын жакшыртуу максатында заманбап өндүрүштүк базаны куруу чечими кабыл алынды. Жаңы объект ишкананын материалдык-техникалык базасын кыйла чыңдоого, эмгек коопсуздугун жогорулатууга, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө, иштин натыйжалуулугун жана коммуналдык кызматтардын сапатын арттырууга мүмкүнчүлүк берет.
Жер тилкесинин жалпы аянты 4,13 гектарды, ал эми имараттардын жалпы аянты 11 500 чарчы метрди түзөт. Базанын аймагында өндүрүштүк жана оңдоо цехтери, атайын техникалар үчүн ангарлар, техникалык туз сактоочу кампа, таштанды жүктөө-өткөрүү станциясы, атайын техникалар үчүн токтотмо жайлар, ошондой эле ишкана кызматкерлери үчүн социалдык-тиричилик жана спорттук объекттер жайгашат.
2025-жыл МП «Тазалык» ишканасы үчүн олуттуу жетишкендиктердин жана активдүү өнүгүүнүн жылы болду. Жыл ичинде ишкана тарабынан 62 даана атайын техника сатып алынып, автопарк олуттуу жаңыланды жана аткарылуучу иштердин ыкчамдуулугу жогорулады. Ишкананын абоненттеринин саны 1 041 828 адамга жетип, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн камтылышы кеңейгенин жана шаар тургундарынын ишканага болгон ишениминин жогору экенин тастыктайт. Мындан тышкары, шаарда таштандыларды сорттоочу пункттардын курулушу башталып, бул калдыктарды өзүнчө чогултуу системасын өнүктүрүү жана экологиялык абалды жакшыртуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.
Капсуланын салынуусу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын өнүгүүсүндөгү жаңы этаптын башталышын символдоп, шаардык санитардык тейлөөнүн деңгээлин жана борбор калаанын тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган кезектеги маанилүү кадам болуп калды.











