Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) шаар тургундарын үзгүлтүксүз жылуулук энергиясы менен камсыз кылып, штаттык режимде иштеп жатат.
Станциянын орточо электр кубаттуулугу — 460 МВт, жылуулук берүү — 8,694 миң Гкал, электр энергиясын өндүрүү — 11,034 миң кВт/саат. Күнүмдүк отун сарптоо көлөмү: көмүр — 7,470 миң тонна, газ — 390 миң нм³.
ЖЭБде жалпысынан 15 казан агрегаты, 7 турбина агрегаты (көлөм аралык байланыш менен) жана 2 энергия блогу (№3 жана №4) орнотулган. Азыркы тапта иштеп жаткан жабдуулар: 10 казан агрегаты, 5 турбина агрегаты, №3 жана №4 блоктор. Ремонтто: 1 казан, 1 турбина. Резервде: 4 казан, 1 турбина.
2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана калкты электр жана жылуулук менен камсыздоо үчүн жалпы 1 400 000 тонна көмүр жеткирүү пландалган. Көмүр жеткирүү графиги жылытуу сезону бүткөнгө чейин эсептелген.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 13-январына карата ЖЭБдин кампасында 189,416 миң тонна көмүр запасы бар.