2025-жылы Бишкек шаарынын мэриясы Перспективдүү шаар куруу боюнча илимий-изилдөө институту менен биргеликте Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоорун иштеп чыккан. Бул документ борбордун өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын демографиялык, инфраструктуралык жана экологиялык факторлорду эске алуу менен аныктайт.
2025-жылдын 24–25-декабрь күндөрү Бишкек шаарында Башкы пландын долбоору боюнча коомдук угуулар өткөрүлгөн.
Талкууга шаар жетекчилиги, долбоордун иштеп чыгуучулары, шаардык жана тармактык кызматтардын өкүлдөрү, активдүү шаар тургундары, ММК, ишкер чөйрөнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Угуу маалында шаардын өнүктүрүү боюнча сунуштар, эскертүүлөр жана пикирлер айтылды.
Жарандар тарабынан түшкөн бардык кайрылуулар жана сунуштар белгиленген тартипте каралды. Алардын жыйынтыктары жана долбоордук схемага киргизилген өзгөртүүлөр менен бул жерден таанышсаңыз болот:
Замечания и предложения поступившие в ходе общественных слушаний 24-25 декабря 2025 года