Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык дайындоолор болду.
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору болуп Жолчубеков Каныбек Байбекович дайындалды.
Ал буга чейин Р.Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинин директору кызматын аркалаган.
Ал эми Шамканов Жоомарт Джылкычыевич «Дельфин» аттуу адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койгон.
