U-17 курактык категориясындагы өспүрүмдөр жана кыздар арасындагы волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты бир нече этапта өткөрүлүп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген эң күчтүү командаларды, анын ичинде Бишкек шаарынын курама командасын бириктирет.

Мелдешке Бишкек шаарынын курама командасы — ОРАБӨСОМ, ошондой эле Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынан келген командалар катышууда. Ар бир облустан экиден команда сунушталган.

Турнир үч этаптан турат: биринчи тур 2026-жылдын 6–10 - январь күндөрү өткөрүлдү, экинчи тур 2026-жылдын 5–9-мартына пландалып, ал эми финалдык этап 2026-жылдын 11–16-май күндөрү өткөрүлөт.