Бишкек шаарынын Октябрь районунда «Атам, апам жана мен — дени сак үй-бүлө» аттуу райондук спартакиада болуп өттү.
Мелдешке 7 үй-бүлөлүк команда катышып, алардын курамына аталар, энелер жана 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар кирди. Катышуучулар жети түрдүү оюн боюнча күч сынашты: улуттук оюн «Үч тапан чүкө», топ тебүү, аркан менен эстафета, таяк менен эстафета, аркан тартыш, мык какмай жана мүшөктө секирүү.
Жыйынтыгында байге орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- I орун — №404 МАБ
- II орун — №407 МАБ;
- III орун — №406 МАБ.
Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине кубок, медаль, дипломдор, ошондой эле баалуу белектер тапшырылды: биринчи орунга — аэрогриль, экинчи орунга — микротолкундуу меш, үчүнчү орунга — чаң соргуч. Калган командаларга ыраазычылык сертификаттары жана чайник белекке берилди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Указынын алкагында үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана үй-бүлө институтун өнүктүрүү максатында «Дени сак үй-бүлө — жарык келечек» спорттук мелдеши катары өткөрүлдү.
Иш-чаранын уюштуруучусу — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.






