Бүгүн, 2025-жылдын 31-декабрында, Жаңы жылдын алдында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева 5-класстын окуучусу Кучкарова Рабиянын чакыруусу менен Кучкаровдордун үй-бүлөсүнө барды.
Буга чейин окуучу кыз Бишкек шаарынын мэри АйбекДжунушалиевге Жаңы жылга карата жылуу куттуктоо кат жолдоп, аны конокко келип, чай ичип, апасы даярдаган тамактардан даам татууга чын дилден чакырган. Бул жүрөктөн чыккан, чын дилден жазылган кат көңүл сыртында калган жок.
Шаар мэринин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Виктория Мозгачева үй-бүлөгө барып, Рабия, анын сиңдиси жана апасы менен баарлашты. Ал үй-бүлөнү келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, чың ден соолук, бакубат жашоо, окууда ийгиликтерди жана тилеген ой-тилектеринин орундалышын каалады.
Шаар мэринин атынан Виктория Мозгачева Рабияга жана анын сиңдисине китептерди, ошондой эле жаңы жылдык азык-түлүк топтомун тапшырды. Мэрдин орун басары балдардын демилгелери дем берип, адамдык жөнөкөй баалуулуктардын — боорукердиктин, урматтоонун жана үй-бүлөлүк жылуулуктун маанилүүлүгүн эске саларын белгиледи.
Баарлашуу учурунда үй-бүлө колдоого муктаж экени айтылды. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тарабынан зарыл жардам көрсөтүлөт, анын ичинде Рабиянын апасын дарылоону жана операция жасоону уюштурууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле анын дарылануу мезгилинде балдарды убактылуу жайгаштыруу каралган.




