2025-жылдын 11-октябрынан тартып, ар бир ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкекте жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана дыйкандар катышкан айыл чарба жарманкелери үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.

Жарманкелердин негизги максаты шаар тургундарын арзан баадагы айыл чарба азыктары менен камсыз кылууга көмөктөшүү, ошондой эле жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана ортомчуларсыз түз сатууну өнүктүрүү.

Жарманкелер төмөнкү  даректерде  өткөрүлөт:

Биринчи май районундагы Т. Усубалиев аянты;

Свердлов районундагы Токтогул жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилиши;

Октябрь районундагы Н. Жетишкаева жана А. Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши.

Жарманкелерде эт жана сүт азыктары, жашылчалар, мөмө-жемиштер жана башка керектүү азыктар  түздөн-түз дыйкандар жана өндүрүүчүлөр тарабынан сатылат.

Дыйкандар жана ата мекендик айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жарманкелерди уюштурууга жана өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен катышып жатышат.

Бишкек шаарынын тургундарын айыл чарба жарманкелерине катышууга жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн түз эле арзан баада жогорку сапаттагы азык-түлүк сатып алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырабыз.