Бүгүн, 2025-жылдын 31-декабрында, техникалык каналда издөө-куткаруу иш-чаралары башталаар алдында жарандык коргонуу кызматтарынын милдеттери жана бөлүштүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага жарандык коргонуунун башчысы жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов катышты.
Издөө-куткаруу иштерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, укук коргоо органдарынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери катышууда. 4 кайык, 11 суучул, 90 куткаруучу, 30 укук коргоо органынын кызматкери жана Бишкек шаарынын мэриясынын 30 кызматкери тартылды. Издөө-куткаруу иштерине жалпысынан ар кандай кызматтардан жана мекемелерден 150дөн ашык кызматкер катышууда.
Издөө иш-чаралары трагедиялуу окуянын жагдайларын аныктоо боюнча иштерди улантуунун алкагында жүргүзүлүүдө. Эске сала кетсек, 2025-жылдын 30-декабрында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү өздөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалап бүтүп, жумуштан кийин үйлөрүнө бара жатып, техникалык каналга чөгүп кетишкен.









