Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасында «Жаңы жылда каалайм!» аттуу мыкты жаңы жылдык куттуктоо боюнча онлайн-сынак өткөрдү.

Сынак үстүбүздөгү жылдын 15-декабрынан 29-декабрына чейин өтүп, тарбиялануучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, педагогдордун демилгелерин колдоого, ошондой эле жаңы жылдын алдында майрамдык жана позитивдүү маанай түзүүгө багытталган.

Райондук этапта сынактын жобосуна толук жооп берген видеороликтер тандалып алынган. Шаардык этаптын жыйынтыгында сынак комиссиясы жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орундарды ээлегендерди аныктады.

Сынактын Гран-при сыйлыгына №127 бала бакча ээ болуп, интерактивдүү такта менен сыйланды.
Биринчи орунду №60 жана №2 бала бакчалар ээлеп, музыкалык синтезаторлор менен сыйланышты.
Экинчи орун №25 жана №181 бала бакчаларга ыйгарылып, алар планшеттер менен сыйланышты.
Үчүнчү орунду №18 жана №186 бала бакчалар ээлеп, музыкалык колонкаларга ээ болушту.

Сынакка активдүү катышкандыгы үчүн №24, №55 жана №113 бала бакчалар балдар оюнчуктарынын топтомдору менен сыйланышты.

Билим берүү департаменти мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, педагогдоруна жана тарбиялануучуларына активдүү катышуусу, чыгармачылык мамилеси жана майрамдык маанай түзүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бардык катышуучуларды келе жаткан жаңы жыл менен куттуктайт.