Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун шаарбыздын борбордук Ала-Тоо аянтында унутулгус жаңы жылдык кечени өткөрүүгө чакырат.
2025-жылдын 31-декабрында, саат 18:00дө майрамдык концерт башталат, ал чыныгы жаңы жылдык маанай жана келерки жылга позитивдүү энергия тартуулайт.
Шаар тургундарын жана конокторун кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусундагы жаркын программа күтөт.
Үй-бүлөңүздөр, досторуңуздар жана жакындарыңыздар менен 2026-жаңы жылды кубаныч, биримдик менен тосууга чакырабыз!