Борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Жаңы жыл түнүндө Бишкектеги коомдук транспорттун иштөө убактысы узартылды.
31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук транспорт түнкү саат 2:00-3:00гө чейин иштейт. Шаар тургундарына жана конокторуна кызмат көрсөтүү үчүн негизги каттамдарда 300дөн ашык автобус каттамга чыгат.
Кабыл алынган чаралар жүрүүнүн ыңгайлуу шарттарын түзүүгө, ошондой эле жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого багытталган.