Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык жана жылуу маанай тартуулоо максатында уюштурулган ачык асман алдындагы музыкалык кечелер жыйынтыкталды.

Бүгүн, 2025-жылдын 28-декабрында Ала-Тоо аянтында “Семетей” ыр-бий ансамбли  эстрадалык, фольклордук жана элдик номерлерди тартуулады. Таланттардын  аткаруусундагы чыгармалар көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап, майрамдык атмосфераны жаратты.

Белгилей кетсек, башкы иш-чара 2025-жылдын 31-декабрында Ала-Тоо аянтында өтө турган чоң жаңы жылдык концерт болмокчу.