Шаардын борборунда ачык асман алдында өтүп жаткан музыкалык кечелер уланууда. Бул иш-чаралар борбор калаанын тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулап, улуттук жана көп улуттуу маданияттын бай мурастары менен тааныштырып келет.
2025-жылдын 27-декабрында Ала-Тоо аянтында кезектеги музыкалык кече болуп өттү. Көрүүчүлөрдү «Доор» эстрадалык-фольклордук ансамбли жана «Сувенир» орус элдик ыры ансамбли өздөрүнүн жаркын аткаруулары менен кубандырды. Концерттик программа элдик обондор менен заманбап музыкалык багыттарды айкалыштырып, жылуу жана чыныгы майрамдык атмосфера жаратты.
Музыкалык кечелер бүгүн, 2025-жылдын 28-декабрында да уланат. Шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун жаңы концерттик программа күтөт. Сахнада «Семетей» ыр-бий ансамбли өнөр көрсөтөт.
Бардык каалоочуларды саат 19:00дө Ала-Тоо аянтына келип, кышкы кечти музыка, бий жана улуттук колоритке бай маанайда өткөрүүгө чакырабыз.





