19-27-декабрь күндөрү Бишкек шаарынын Свердлов районунда жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары арасында гандбол боюнча Мектеп лигасынын мелдештери өткөрүлдү.

Кыздар арасында өткөн мелдештерге 8 мектептин командалары катышты. Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүндү:
I орун - №1 мектептин командасы;
II орун - №87 мектептин командасы;
III орун - №46 мектептин командасы;
IV орун - №66 мектептин командасы.

Уландар арасында мелдештерге 7 мектептин командалары катышты. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
I орун - №66 мектептин командасы;
II орун - №87 мектептин командасы;
III орун - №16 мектептин командасы;
IV орун - №38 мектептин командасы.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мектеп лигасынын уюштуруучусу — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.