2025-жылдын 27-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Виктория Мозгачева кыргыз тили боюнча иш дептерлердин автору Бегайым Утешова менен бирге оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдар үчүн «Акниет» борборуна барды. Ошол күнү борбордун тарбиялануучуларына кыргыз тилин үйрөнүүгө арналган иш дептерлер тапшырылды.

Иш дептерлер 6–7 жаштагы балдарга ылайыкталып иштелип чыккан жана кыргыз тилинин негизги көндүмдөрүн  оңой калыптандырууга багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө борбордун тарбиялануучулары коноктор үчүн чакан чыгармачыл номерлерди даярдап, көрсөтүштү.

Мындан тышкары, кыргыз тили боюнча иш дептерлер «Айданек» борборунун жана «Сезим» кризистик борборунун тарбиялануучуларына да тапшырылды.

Жолугушуулар жылуу жана достук маанайда өтүп, балдарга жаңы жылдык маанай тартуулады.