Жаңы жылдын  алдында "Акниет" оор кырдаалдагы балдар борборуна Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Балдар иштери боюнча инспекциясынын начальниги.   милициянын полковниги Нуржан Адылова келди.

Иш-чаранын жүрүшүндө борбордун жашоочулары менен жылуу жолугушуу болду. Конок балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, аларга чың ден соолук, кубаныч жана бакубат жашоо каалап, жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Майрамдык жолугушуу балдарга позитивдүү эмоцияларды жана жакшы маанай тартуулады.

"Акниет" борборунун администрациясы балдарга көрсөтүлгөн колдоо жана көңүл буруу үчүн ыраазычылык билдирди.