Бишкекте жаңы жылдык маанай. Ала-Тоо аянтында ачык асман алдында уюштурулган музыкалык кечелер уланууда — бул борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн чыныгы майрамдык белек.

Бүгүн, 26-декабрда, аянт жандуу музыканын коштоосунда жанданды: «Кыргыз Руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли жана башка таланттуу артисттер угармандарга кубаныч, жылуулук жана чыныгы майрамдык маанай тартуулашты. Улуттук обондор, шаңдуу ритмдер жана чын дилден чыккан эмоциялар бардык коноктор үчүн жылуу жана жүрөккө жакын атмосфера жаратты.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы 27-декабрда саат 19:00дө баарын кайрадан музыка кечесине чакырат. Кеченин программасында «Доор» эстрадалык-фольклордук ансамблинин, «Сувенир» орус эл ыры жана бий ансамблинин жана башка артисттердин өнөрлөрү тартууланат.

Бүт үй-бүлөңүз менен келип, жандуу музыкадан ырахат алып, майрамдык маанай менен бөлүшүп, Жаңы жылды достор жана жакындарыңыз менен Ала-Тоо аянтында тосуңуздар! Музыка бириктирип, шыктандырып, бул кышкы кечелерди чындап эле сыйкырдуу кылсын.