Свердлов районунда «Үлгүлүү аксакал», «Үлгүлүү байбиче», «Нарктуу келин», «Мыкты ата», «Үлгүлүү үй-бүлө», «Үлгүлүү көчө», «Үлгүлүү конуш», «Үлгүлүү ишкана» жана «Үлгүлүү жамаат» аталышындагы райондук конкурстардын жыйынтыгы чыгарылды.
Талапкерлер район аймагындагы муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан көрсөтүлдү. Катышуучулардын сунушталган материалдары жана видеопрезентациялары конкурстук комиссия тарабынан ар тараптуу каралып, баалоо 0дөн 5 баллга чейинки беш баллдык система боюнча жүргүзүлдү.
Сынактарга жарандык жоопкерчиликти чыңдоого, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды өнүктүрүүгө, ошондой эле райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон активдүү жана демилгелүү тургундар катышты.




