2026-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Бул чара жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктү жана аялдама комплекстерди куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынууда. Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын негизинде кабыл алынып, 1-январдан тартып майрамдык эс алуу күндөрүн эске алуу менен ишке ашырылууда.
Борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында, курулуш мезгилинде бул жердеги жол кыймылы убактылуу чектелет. Айдоочуларга алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алуу жана жол белгилерине жана убактылуу белгилерге көңүл буруу сунушталат.
Урматтуу тургундар жана коноктор! Бишкек шаарынын мэриясы бул убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.