Бүгүн, 2025-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында борбор калаанын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар жыйынтыкталды.
24–25-декабрь күндөрү шаар жетекчилиги жана долбоорду иштеп чыгуучулар — Санкт-Петербург шаарынын Перспективдүү шаар куруу боюнча илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрү документтин бекитүүгө сунушталган бөлүгүн тааныштырып, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу документтерине коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө» Жобосуна ылайык:
* коомдук угуулар өткөрүлгөн күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен, коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протокол жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жарыяланат: https://bishkek.gov.kg/ky;
* коомдук угууларга катышкан жарандар протокол жарыяланган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде анын мазмуну боюнча сунуштарын жана эскертүүлөрүн коомдук угууларды уюштурган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жолдоого укуктуу.
Башкы план – бул мамлекеттик максаттарды жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен шаардын кийинки 25 жылга карата артыкчылыктуу жана этап-этабы менен өнүгүү стратегиясын аныктаган негизги укуктук шаардык өнүгүү документи болуп саналат.







