Бүгүн, 2025-жылдын 25-декабрында, IV Элдик курултайдын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттик Администрациянын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкө боюнча 94 социалдык жана өндүрүштүк объектилердин ачылышына онлайн старт берди.

Бишкек шаарында 5 социалдык жана 1 өндүрүштүк объект пайдаланууга берилди.  Биринчи Май районунун Маевка айылында жайгашкан «Маткасымов» ЖЧКсынын жаңы өндүрүш ишканасы ачылды.

Салтанаттуу ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары Омор уулу Айбек, ошондой эле «Маткасымов» ЖЧКсынын башкы директору Тынчылык уулу Эрнист катышты.

Өндүрүш комплексинин жалпы аянты 984 чарчы метрди түзөт. 1000 чарчы метр аянтты ээлеген объект компаниянын негизги бөлүмдөрүнүн бирине айлана турган заманбап чогултуу жана автоматташтырылган цехти камтыйт. Негизги өндүрүштүк жайдан келген даяр продукциялар бул жерде заманбап технологияларды жана өнөр жайлык автоматташтыруу элементтерин колдонуу менен чогултулуп, даярдалат.

Чогултуу жана интеллектуалдык логистикалык борборду түзүү долбоору 55 жаңы жумуш орундарын түзүп, райондун жана анын тегерегиндеги жашоочулардын жумуш менен камсыз болушуна жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошту.

Долбоордун жалпы наркы 2,0 миллион долларды түзөт. Каржылоону Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана компаниянын өз каражаттары камсыз кылат.

Белгилей кетсек, долбоор Бишкек шаарынын  мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Жаңы өнөр  жайдын ишке кириши тиричилик буюмдарын жергиликтүү өндүрүштүн көлөмүн көбөйтөт, локалдаштырууну күчөтөт, заманбап технологияларды киргизет жана кыргыз өндүрүштөрүн ички жана тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.