Бүгүн, 2025-жылдын 25-декабрында, IV Элдик Курултайдын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, өлкө боюнча 94 социалдык жана өндүрүштүк объекттин онлайн-ачылышына старт берди.
Бишкек шаарында 5 социалдык жана 1 өндүрүштүк объект ачылды.
Свердлов районунда А. Молдокулов атындагы Инновациялык технологиялар улуттук мектеп-лицейи капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбеков, Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары Айбек Жолдошев, Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Дүйшөн Сарымсаков жана мектептин педагогикалык жамааты катышты.
Өз сөзүндө Нургазы Курманбеков бул долбоордун ишке ашырылышы билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин, ошондой эле өсүп келе жаткан муун үчүн ыңгайлуу жана коопсуз окуу шарттарын түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.
Белгилей кетсек, мектеп-лицейдин имараты 1980-жылы пайдаланууга берилген жана негизделгенден бери бир да жолу капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес. Учурда бул билим берүү мекемесинде 3140 окуучу билим алууда.







