Биринчи май району боюнча муниципалдык администрация «Үлгүлүү аксакал», «Үлгүлүү байбиче», «Нарктуу келин», «Мыкты ата», «Үлгүлүү үй-бүлө», «Үлгүлүү көчө», «Үлгүлүү конуш», «Үлгүлүү ишкана» жана «Үлгүлүү жамаат» номинациялары боюнча сынактардын жыйынтыгын чыгарды.
Кандидаттар райондук муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан сунушталып, алардын материалдары жана видео-презентациялары комиссия тарабынан кылдаттык менен бааланды. Баалоо 0-дөн 5-ке чейинки баллдык система менен жүргүзүлдү.
Сынактарга активдүү тургундар, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды бекемдөөгө, жарандык жоопкерчиликти чыңдоого, ошондой эле райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошкондор катышты.
Жеңүүчүлөр райондук администрация тарабынан белектер менен сыйланышты.

















