Борбор калаада «Тунгуч» театрында Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуу жыйындары башталды. Иш-чара мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өтүп, долбоорду иштеп чыккан Илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрү, долбоордун жетекчиси Ирина Гришечкина катышты.
Коомдук угууларга Ленин жана Биринчи Май райондорунун тургундары чакырылып, алар долбоордун негизги жоболору менен тааныштырылды. Ошондой эле жыйынга IV Элдик курултайдын делегаттары жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катышты.
Шаар мэри Башкы планды иштеп чыгууда эл аралык тажрыйба эске алынганын белгиледи. Анын айтымында, Бишкекти 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн концептуалдык планы япониялык Nikken Sekkei компаниясы тарабынан даярдалган.
«Андан кийин ишке Санкт-Петербург шаарындагы пландоо боюнча Илимий-изилдөө институту тартылды. Бул институттун эл аралык тажрыйбасы чоң: алар 700дөн ашык башкы планды иштеп чыгып, анын 95 пайызы бекитилген. Алардын көз карандысыз жана объективдүү позициясы биз үчүн абдан маанилүү. Адистер шаардагы чыныгы абалды колдонулуп жаткан нормалардын алкагында көрсөтүп беришүүдө», — деп баса белгиледи Айбек Джунушалиев.
Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана шаар тургундарын кеңири тартуу максатында genplan.bishkek.gov.kg атайын сайт түзүлүп, анда долбоордун материалдары жайгаштырылып, калк арасында сурамжылоолор өткөрүлгөн.
2025-жылдын 25-октябрында Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору мэриянын расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жарыяланган. Бүгүнкү күнгө чейин муниципалитетке шаар тургундарынан 370 сунуш жана эскертүү келип түшкөн. Мындан тышкары, 2025-жылдын 27-октябрынан тарта жарандар долбоор менен кагаз түрүндө да тааныша алышууда — учурда 91 адамга маалымат берилди.
«Биздин максат — борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн заманбап, көрктөндүрүлгөн жана экологиялык жактан таза шаарды түзүү», — деп белгиледи мэр.
Жыйын «суроо–жооп» форматында улантылып, анда шаардыктар шаардык кызматтардын өкүлдөрүнөн жана долбоорду иштеп чыгуучулардан кеңири түшүндүрмөлөрдү алышты.


















