2025-жылдын 23-декабрында Алга спорт комплексинде Бишкек мэринин кубогу боюнча мелдештин жыйынтыктары чыгарылып, мэриянын, райондук администрациялардын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Бишкек мэри Айбек Джунушалиев сыйлыктарды тапшырды.
Спорт боюнча жеңүүчүлөр:
Волейбол:
* 1-орун — Ленин райондук администрациясынын командасы;
* 2-орун — "Тазалык" муниципалдык ишканасынын командасы;
* 3-орун — Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын командасы.
Бильярд:
* 1-орун — "Бишкекжылуулуктармагы"муниципалдык ишканасынын командасы;
* 2-орун — "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын командасы;
* 3-орун — "Тазалык" муниципалдык ишканасынын командасы.
Ордо:
* 1-орун — "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын командасы;
* 2-орун — Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын командасы;
* 3-орун — "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын командасы.
Шахмат:
* 1-орун — Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын командасы;
* 2-орун — "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын командасы;
* 3-орун — Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын командасы.
Аркан тартыш:
* 1-орун — "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын командасы;
* 2-орун — "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын командасы;
* 3-орун — Капиталдык курулуш башкармалыгынын командасы.
Дартс:
* 1-орун — Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы;
* 2-орун — "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы;
* 3-орун — Биринчи май райондук администрациясы.
Стол тенниси:
* 1-орун — "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы;
* 2-орун — "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы;
* 3-орун — "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы.
Бишкек мэринин кубогу үчүн мелдеш сегиз спорт түрүн камтыды: футзал, волейбол, стол тенниси, шахмат, дартс, ордо, аркан тартыш жана бильярд.


























