2025-жылдын 23-декабрында Алга спорт комплексинде футзал боюнча финалдык оюндардын жыйынтыктары жарыяланып, Бишкек мэринин кубогу үчүн сыйлык тапшыруу аземи Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин ортосунда өткөрүлдү.

Мелдештин финалдык этабында "Бишкекжылуулуктармагы", "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканалары, Жер пайдалануу контролдоо башкармалыгы жана "Бишкексууканал" ишканасынын командалары оюнга чыгышты.

Финалдык беттештерден кийин турнирдин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундарды ээлегендер аныкталды.

Футзал боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун - " Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы;
2-орун - "Бишкекжылуулуктармагы" МИси;
3-орун - "Бишкексууканал" МИси.

Белгилей кетсек, 2025-жылдагы Бишкек мэринин кубогу боюнча мелдеш сегиз спорт түрү боюнча өттү: футзал, волейбол, стол тенниси, шахмат, дартс, ордо, аркан тартыш жана бильярд.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.