Бишкек шаарында 2025-жылдын 23-декабрынан тартып №2 электробус каттамынын жүрүү схемасына жарым-жартылай өзгөртүүлөр киргизилет.

Бул чечим коомдук транспорттун ишин оптималдаштыруу жана шаар тургундарына көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынды.