2025-жылдын 25-декабрында саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

1) Турусбеков  көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
2) Жибек Жолу, Держинская,  Баялинов  көчөлөрү  Ала-Арча дарыясына чейин жана Жибек Жолу проспектиси.

Күрөңкеев  көчөсүндөгү D-400 мм суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.