Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, борбор калаада жер мунапысын ишке ашыруу боюнча иштер үзгүлтүксүз уланууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте жер мунапысына туш болгон объекттер боюнча комиссия ишин улантууда.
Ленин районунун комиссиясы тарабынан 252 материалды жактырылды, 131 материал коомчулукка жарыялоо үчүн жиберилди.
Белгилей кетчү нерсе, комиссия жалпысынан 537 материалды карап чыккан. Бул багыттагы иштер уланууда.




