«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы Социалдык өнүктүрүү департаменти тарабынан бекитилип берилген тизменин негизинде Бишкек шаарынын тургундарын отун менен камсыздоо иштерин жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күндө 236 аз камсыз болгон үй-бүлө отун алышты. Ар бир үй-бүлөгө 1,5 куб отун берилди, таратылган отундун жалпы көлөмү 354 куб метрди түздү. Учурда отун берүү иши улантылууда.
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы жыл сайын бул ишти жүргүзүп, отунду өз убагында берүүнү камсыз кылуу менен жылытуу мезгилинде шаар тургундарына колдоо көрсөтүп келет.





